27 килограмм баңгизатын унаанын тетиктерине катып Орусияга алып кетүүгө аракет кылган 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Баңгизатын мыйзамсыз айлантууга каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Ош облусунун 20 жаштагы тургуну Орусияга баңгизатын алып кетүүгө камданып жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул боюнча атайын ыкчам иликтөөлөр жүргүзүлүп, “Ак жол” бажы өтмөгүнөн жогорудагы жаран башкарып келе жаткан Мерседес-Бенц унаасы кармалган.
Унааны текшерүүгө алууда унаанын тетиктерине жашырылган гашиш табылган. Учурда кармалган адам камакка алынып, иликтөө иштери башталды. ИИМ тарабынан баңгизатын ташуучу жолдорду аныктоо боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.