Жылдыз Жолдошова: “Сох” маселесин Алмазбек Атамбаев чечиши керек"

Баткендеги “Сох” анклавына байланыштуу чек ара маселесин Президент Алмазбек Атамбаев чечиши керек. Мындай пикирди депутат Жылдыш Жолдошова бүгүн, 16-январда ЖКнын пленардык жыйынында билдирди. “Кыргызстандын тышкы саясаттын, саясий өңүттөгү маселесин Алмазбек Атамбаев чечиши керек, бул саясий чечим кабыл ала турган маселе, убакыт жетти. Бизге келсин, жабык эшик артында болсо да сүйлөшөлү, макулдашалы” – деди. Депутат президенттин ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, бул сунушту Алмазбек Атамбаевге жеткирүүнү суранды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан