Орусияда белгисиз адамдар жол кырсыгынан кийин кыргызстандык жарандын унаасын, акчасын тартып алышкан. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары бүгүн, 17-июнда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, окуя 15-июндан 16-июнга караган түнү болгон. Санкт-Петербург шаарынан 23 жаштагы кыргызстандык жаран өзүнүн Дэу Нексия унаасы менен бара жатып Опель унаасы менен сүзүшүп алган. Кырсык болгондон кийин Опель унаасынан төрт адам чыгып, КРнын жаранынын унаасын, акча жана планшет салынган сумкасын, ошондой эле жанындагы досунун 15 миң рублга бааланган уюлдук телефонун тартып алышкан. Кийин кыргызстандык жаранды жол жээгине түшүрүп, дагы 100 миң рубль алып келгенде унаасы берилерин айтып, белгисиз тарапка кетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгына Опель унаасындагылар күнөөлүү болгон.
"Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат" деп билдирилет чет элдик басылмаларда.