Бишкек-Торугарт жолунда токтотулган унаанын жүргүнчүсү Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин таш менен желкеге чаап жиберген. Бул тууралуу Республикалык ЖККнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Торугарт жолунун 90-чакырымында Тойота Виндом унаасына ЖКК кызматкерлери токтоого белги беришкен. Бирок аталган унаа баш ийбестен качып кеткен. Кийин МАИ кызматкерлери аталган унааны кууп жеткенде, унаадан 5 адам чыгып, ЖКК кызматкерлерин сөгүп башташкан. Алардын арасындагы мас абалындагы жүргүнчүнү ЖКК кызматкерлери кызматтык унаага салууга аракет кылышканда, жүргүнчүлөрдүн бири МАИ кызматкерин таш менен желкеге чаап жиберген. Мындан улам мушташ чыгып кеткен. Кийин кошумча ЖККнын унаасы чакырылып, аталган жарандардын үчөө кармалып, экөө из жашырып кетишкен.
Учурда кармалган жарандар Кемин РИИБине алынып келип, иликтөө иштери жүрүп жатат.