Бүгүн эртең менен Бишкекте жол кырсыгы катталып, рулдагы айым каза тапты. Мындай маалымат Республикалык ЖККдан бүгүн, 17-июнда билдирилди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 06:30 чамасында Хонда Стрим унаасы Казакстандын элчилигине жакын жерде жол кырсыгына кабылган. Маалыматтарга караганда, рулда айым болгон. Ал рулга ээ боло албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Алган жарааттарынан улам аталган айым окуя болгон жерде каза тапкан.