Ош - Эркеч-Там унаа жолунун тосулгандыгына байланыштуу мамлекеттик бюджетке түшпөй калган бажы төлөмдөрү 92 миллион сомду түздү

Ош - Эркеч-Там унаа жолу тосулуп турганына байланыштуу 172 автоунаа токтоп турат. Мамлекеттик бюджетке түшпөй калган бажы төлөмдөрү 92 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта “Учурда Кытай тараптан Кыргызстандын аймагына товарлар менен кире турган автоунаалардын саны кыскарууда. Анткени ишкерлер зыян тартып калуудан коркуп жатышат. Мындай абал 2014-жылдын июнь айынын аягына чейин кармалган учурда салык төлөмдөрү боюнча бюджетке түшпөй калган кирешелер 200 миллион сомдон ашык болушу болжолдонууда” деп айтылат.  

Эскерте кетсек, Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары депутаттын абактан бошотулушун талап кылып Ош - Эркеч-Там унаа жолун 27-майдан бери тосуп турушат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан