Жети-Өгүздө жергиликтүү айым жоголуп, анын сууга агып кеткендиги айтылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда кабарлады.
Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл аймагынын Жети-Өгүз айылында 2014-жылдын 12-июнь күнү саат 12:00 чамасында токой чарбасына эс алууга барган А.К. аттуу жаран дайынсыз жоголгон. Туугандары өз күчтөрү менен издөө иштерин жүргүзүшүп, Жети-Өгүз дарыясынын боюнан аталган жарандын сумкасын табышкан. 2014-жылдын 15-июнунда КРнын ӨКМнын №15-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучуларына кайрылышкан. Учурда издөө иштеринен натыйжа чыга элек.