Бала бакчага барбай калган балдарды КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы "Жалпыга билим берүү" долбоору тарабынан мектепке даярдоочу 240 сааттык программа иштеп жатат. Бул тууралуу Каракол шаардык Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аман Жанузаков билдирди. Анын айтымында 2012-жылы мында 548 бала бул программанын алкагында мектептерге даярдалды. Мектептерге даярдоо программаларын ишке ашыруу боюнча мугалимдерге атайын окуулар жана тренингдер өткөрүлүп турат. Облуста бала бакчалардын тартыштыгынан улам Караколдогу «Кашка-Суу» кичи районунда мурда мектеп катары пайдаланылып, кийин бала бакчага айланган №13 бала бакчанын шартын жакшыртуу үчүн мамлекеттен 1 миллион сом бөлүнгөн. Учурда бул бала бакчада 4 тайпадан турган жаш жеткинчектер тарбияланууда.