18-23-июнь күндөрү Катарда Кыргызстандын Суяб, Баласагын, Невакет тарыхый шаар калдыктарын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү маселеси каралат. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган делегация барат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Чүй өрөөнүндө орто кылымдарга таандык шаар калдыктары бар. Мындан ондогон кылымдар мурун гүлдөп өнүгүү доорун баштан кечирген Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун боюндагы батыштан чыгышка, чыгыштан батышка каттаган кербендерди тосуп-узатып турган негизги шаарлардан болгон.
Мына ушул шаар калдыктары жөн гана тарыхый эстелик болбостон, кыргыз элине таандык белгисиз болуп келген тарыхый маалыматтарды да өз кучагына камтып жатканында шек жок. Эгерде аталган шаар калдыктары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине катталып кала турган болсо, ага байланышкан тарыхый маалыматтарды изилдөөгө да ыңгайлуу шарт-жагдайлар түзүлмөк.
Мына ушул тарыхый шаарлар ЮНЕСКОнун каттоосуна кирип калса, ал туурасындагы маалымат бүткүл дүйнөгө тарап, Кыргызстанга келе турган туристтердин кызыгуусун арттырмак. Ошону менен бирге эле кыргыз мамлекети, анын кылымдарды камтыган тарыхы дүйнөгө таанылат.
Бул жагынан караганда да Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун тутумундагы байыркы шаарлар катары атагы алыска угулуп, жаңы заман шартына ылайык кыргыз элине кызмат кыла баштамак. Дал ушул жагдайларды эске алганда, Карганбек Самаков баштап бараткан делегациянын бул жолку сапарынын мааниси зор. Иштин жыйынтыгы буга чейин аткарылган иштер менен ушул жолу Катарга сапар алган кыргыз делегациясынын иш-аракеттерине жараша болот”,- деп айтылат маалыматта.