Англияда окуучу сагыз үчүн 7 мугалимин сабап салды

Англиянын Олдем шаарындагы мектептердин биринде окуучу сагыз үчүн 7 мугалимин сабап салды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, мектептин фойесинде 14 жаштагы окуучу сагыз чайнап турган. Аны көргөн мугалим оозундагысын чыгарып, таштанды салынуучу чакага салуусун өтүнгөн. Бирок окуучу анын талабын аткаруудан баш тартып, каяша кайтарган. Ачуусу келген мугалим күч колдонуп сагызын алууга аракеттенип, жыйынтыгында экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Аларды ажыратууга келген мугалимдерди окуучу отургучтар менен уруп кирген. Мындан кийин окутуучулар полиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болушкан.

Жыйынтыгында полиция кызматкерлери окуучуга мугалимдерине кол салгандыгы үчүн кылмыш ишин ачышты. Эми 20-июнда ал бала кылган жоругу үчүн сот алдында жооп бермекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rumaika5544
2014-06-17 11:25:06
Ааиий азыр дегеле улууларды сыйлаш жок.
0
AZIK01
2014-06-17 11:38:51
Эч нерседен коркпой калышты.
0
ayakosya
2014-06-17 11:50:08
Укугун ашкере пайдаланган мугалимдерди ошентиш керек.
+1
umnik
2014-06-17 14:59:06
тартиптин жоктугу, улууларга урматтын жоктугу, бейбаштык, камаш керек ошондой окуучуларды, башкаларга сабак болот.
+2
upol92
2014-06-18 04:26:37
14 жаштакы балага кантип алы жетпесин.
Мугалимдер жакшы тарбия берсе мындай акыбалга жетмек эмес.
0
g.jumabekova
2014-06-18 08:08:05
Мугалимдин да нерви жука экен да. Оз алдынча сагызын алдырбай жок дегенде директорго айтпайбы. Бир чети ырас эле кылыптыр ошо мугалимди. Соз менен тарбиялабай кучко салып тарбиялаган мугалимди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан