Чүй районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 16-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок – Кегети унаа жолунун 10-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу 28 жаштагы М.Т. рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу оор жараат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок айдоочу эсине келе албай каза болуп калган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.