Сокулук районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар, ок дарылар алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 16-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук районунун бир катар айылдарында издөө иштери жүргөн. Анын жүрүшүндө Восточное айылындагы 1976-жылы туулган тургундун үйүнөн ок атуучу куралдар, ок дарылар табылган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары уланууда.