Бүгүн, 17-июнда парламенттеги Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында "КР аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна КРнын Юстиция министринин орун басары Нурболот Кутманов жооп берди.
Жыйында депутат Анарбек Калматов сот аткаруучулар мамлекеттен маяна алып иштегендигин айтып, алардын эмгек акысына кошумча каралып жаткан 25 пайыз каражаттын берилишин туура эмес деп эсептейт. Ал мыйзам долбоорун кайра талдап карап чыгуу зарылдыгын билдирди.
Депутат Туратбек Мадылбеков сот аткаруучулардын ишинин маанилүүлүгүн эске алып, алардын курамын аныктоону да Жогорку Соттун ыйгарым укуктарына берүү сунушун айтты. Мыйзам долбоорундагы айрым бир беренелер Баш мыйзамга карама-каршы келерин белгиледи.