Бүгүн, 17-июнда парламенттеги Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында «КР аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, концепциясы жактырылды. Мыйзам долбоору боюнча КРнын Юстиция министринин орун басары Нурболот Кутманов баяндама жасады.
Кутманов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: “Сот департаменти жана сот аткаруучуларды Жогорку Соттун курамына киргизүү демилгеленип, сот аткаруучулардын санын өкмөт аныктай турган ченемдер сунушталып жатат. Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коррупциялык ченемдерди жоюуга багытталган”,- деп билдирди.