Эрлан Абдылдаев: “Дипломатиялык кызматкерлердин этикасы боюнча кодекс даярдалып жатат”

Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 17-июндагы жыйынында КРнын Тышкы иштер министрлигинде “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралды. Жыйында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дипломатиялык кызматкерлердин этикасы боюнча кодекс даярдалып жатканын айтты. Анын айтымында, Тышкы иштер министрлигинде дипломатиялык кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия иштейт. Комиссия тартип-жазалар боюнча чечимдерди кабыл алат. “Буга чейин Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин эмгек жана аткаруу тартиби, этика ченемдери бузулган беш билдирүү каралып, тийиштүү чаралар көрүлгөн. Учурда бул багыттагы иштерди алга жылдыруу максатында дипломатиялык кызматкерлердин этикасы боюнча кодекс даярдалууда”,- деди Абдылдаев.

Министрдин маалыматына караганда, учурда визаларды берүү тартибин жөнгө салган инстуркциянын жаңы долбоору иштелип чыкты. “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу үчүн электрондук виза, тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системи түзүлүп, электрондук консул кызматы ишке киргизилген”,- деп кошумчалады.

Жыйын сонунда Тышкы иштер министрлигинде “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат эске алынып, 6 айдан соң бул маселеге кайра кайрылуу чечими кабыл алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан