Кытайда кыргызстандык жаранды барымтага алып, 25 миллион сомдой акча сураган кытайлык ишкерге кылмыш иши козголгон жок

Кытайда кыргызстандык жаранды барымтага алган кытайлык ишкерге кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен бүгүн, 17-июнда билдиришти.

Маалыматтарга караганда, КРнын Р.А. аттуу жараны жубайы менен Кытайга жеке иштери менен барышкан. Учактан түшкөндөн кийин эле аны кытайлык өнөктөшү күтүп алып белгисиз тарапка алып кетип калган.

Кийин кытайлык ишкер кыргызстандык жарандын аялына 3 миллион юань (болжол менен 24 миллион 888 миң сом) төлөп бергенден кийин күйөөсүн коё берерин билдирген. Буга макул болбогон кыргызстандык айым Гуанчжоу шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайрылуу жасап, окуя тууралуу билдирген. Мындан кийин Башкы консулдук кытай ишкери менен сүйлөшүүгө барып, тынчтык жолу менен маселени чечүүнү сунуштаган. Бирок бул кадамдардан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Кийин Фошань шаардык полициясы Башкы консулдуктун кайрылуусунун негизинде кыргызстандык жаранды барымтадан бошотуп, кытайлык ишкерди полиция бөлүмүнө алып барган.

Окуянын чоо-жайы ошол жерден белгилүү болгон. Айта кетсек, кыргызстандык жаран менен кытайлык ишкер 6 жылдан бери өнөктөш катары иштешип келе жатышкан. Бирок акыркы учурда “Дордой” базарында соода болбой жаткандыгы менен түшүндүрүп, кыргызстандык жаран Кытайдан келген мүлктү артка кайтарган. Ошондой эле айрым буюмдарды жараксыз деп Кытайга жөнөткөн. Кайтарылган мүлктүн жалпы баасы 3 миллион юанды түзгөндүктөн, кытайлык жаран ушул сумманы талап кылган. Окуянын чоо-жайын териштирген соң кыргызстандык жаран полиция участогунан кытайлык жаранга карата арыз жазуудан баш тарткан. Буга байланыштуу кытайлык жаранга кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми ишкерлер өз ара чечимге келишип, кыргызстандык жаран Үрүмчү шаарынан учак менен мекенине кайтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан