Мамлекет чет өлкөдөн диний билим алып жаткан жарандарды көзөмөлгө алуу керек. Мындай пикирди бүгүн, 16-январда диний билим берүүнү көзөмөлдөө боюнча өткөн тегерек столдо Дин иштери боюнча мамлекеттик мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Табылды Орозалиев билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык жарандар Араб өлөлөрүндө диний билим алуу үчүн дин комиссиясынан уруксат алат, андан кийин эч ким алардын кайсы жерде окугандыгын, кандай билим алып жаткандыгын текшербейт. “Кайсы багытта билим алып жаткандыктары белгисиз, кайсы бир мамлекеттер, университеттер менен мамлекеттик келишимдер бар, бирок азыр чет өлкөдөн диний билим алуу башаламан” – деди Орозалиев.