Оштогу аэробекетти оңдоп-түзөөдө бир катар мыйзам бузууларга жол берилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-жылы Эл аралык “Манас” аэропортунун Оштогу филиалынын жетекчиси тарабынан аэробекеттин имаратын оңдоп-түзөө үчүн тендер өткөрүлүп, “Аль-Манар” ишканасы жеңүүчү аталган. Бирок мамлекеттик сатып алуулар учурунда бир катар мыйзам бузуулар катталган. Мындан улам жасалган ишти текшерүү үчүн атайын экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында баалардын жогорулатылып көрсөтүлгөнү аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.