"Казакстандык жарандын унаасын уурдап кеткен" деген шек менен 21 жаштагы жаран кармалды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө 34 жаштагы Казакстандын Алматы шаарынын Марат аттуу тургуну кайрылып, унаа токтотуучу жайдан белгисиз адамдар Субару-Аутбек унаасын уурдап кетишкендигин кабарлаган.
Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Бишкек шаарынын Я.В. аттуу тургуну кармалган. Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.