Германия Кыргызстан менен инвестиция маселеси боюнча кызматташууга кызыкдар

Германия Кыргызстан менен инвестиция боюнча кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Гудрун Срэга КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, Германиядагы ири курулуш компаниялары, ал өлкөнүн Экономика министрлиги Кыргызстан менен кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар. “Эртең КРнын Экономика министри Темир Сариев кыргыз ишкерлери менен бирге Германияда өтүүчү эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө барат жана бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт”,- деди элчи айым. Мындан сырткары Гудрун Срэга “Кыргыз-герман кызматташтыгы” уюму көп жылдардан бери туруктуу экономикалык өнүгүү багытында иштеп жаткандыгын, келечекте да бул долбоор колдоого алынарын жана кызматташууга ишенерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан