Бүгүн, 17-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 42-57-58-чакырымдарында катуу жааган жаандын кесепетинен колоттордон сел агындылары түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Учурда жолду тазалоо үчүн №26-жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 даана жүктөгүч жөнөтүлдү. Ал эми Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылындагы Өрдөш участкасына өтүүчү узуну 5 метр, туурасы 4 метр болгон ички чарбалык көпүрөнү сел алып кеткен.
Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.