Казакстандын Алматы шаарында 25-26-июнь күндөрү газ маселеси боюнча Борбор Азия форуму өтөт. Маалыматка таянсак, форумда алдынкы адистер Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда жаратылыш газын өндүрүү жана бөлүштүрүү тармагынын келечегин жана көйгөйлөрүн талкуулашат. Жыйынга Азербайжан, Иран, Кытай, Орусия, Индия жана Евробиримдиктин өкүлдөрү да катышып, эки күндүн ичинде 25 доклад угулары айтылды. Форумдун башкы темалары:
Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү газ стратегиялары;
Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү чийки зат потенциалы;
Европанын газ рыногундагы Борбордук Азия;
Борбордук Азиядагы газ стратегияларын ишке ашыруудагы Кытай фактору;
Трансазиялык газ түтүктөрүнүн келечеги;
Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын газ-химиялык долбоорлору.