Парламенттеги Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 17-июнда ЖКнын токтомунун аткарылышы боюнча өкмөттүн "Кумтөр" тууралуу маалыматын угууну күзгө жылдырды.
Жыйында депутат Карганбек Самаков өкмөт бул маселе боюнча маалымат бериши керек экенин айтты. "Дилгер Жапаровдун 200 миллион доллар боюнча ызы-чуусу бир нукка түшө элек. Бул маселе боюнча тармактык комитет дагы маселени күзгүгө калтырыптыр. Ошондуктан Жапаровдун иши боюнча кылмыш иши жана түзүлгөн өкмөттүк комиссия өздөрү маселени иретке келтирип алган соң гана кароону сунуштайм",- деди Самаков.
Комитет мүчөлөрү да бул сунушту колдоого алышты.