Жылнаама, 18-июнь: Мындан жыл 3 мурун манасчы Уркаш Мамбеталиев 78 жашында каза болгон

* Мындан 74 жыл мурун, 1940-жылы согуш алдында калкты мобилизациялоо камылгасы күчөп, айрыкча ал кыймылга спортчулар арбын тартылган. Кыргызстандык үч футболдук команда "Биз азыр да жүрүшкө даярбыз!" деген ураан менен Өкмөт үйүнүн алдында демонстрация өткөрүшкөн. Жүрүштү “спартакчы” футболчулар баштап, алар "керек убакта футбол талаасын согуш майданына алмаштырууга даярбыз" деп өкмөт мүчөлөрүн ишендиришкен чакырыктарды айтышкан. 
* Мындан жыл 3 мурун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, улуу манасчы Уркаш Мамбеталиев 78 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда солист-манасчы болуп пенсияга чыккыча иштеген. Филармонияда иштеп жүрүп искусство жаатында иштеген көптөгөн кызматкерлер менен биргеликте Япония, Италия, Пакистан, Кытай, Швеция жана Ооганстанга гастролдорго барган. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң эпосту айтуучу катары Уркаш Мамбеталиев өзүнүн чеберчилиги менен трилогиянын кайталангыс, каармандардын оригиналдуу элестерин дүйнөнүн элдерине жеткизе алган.
* Мындан 80 жыл мурун, 1934-жылы Англиянын көчөлөрүндө жөө адамдар үчүн атайын өтмөктөр ишке киргизилген. Бул өтмөктөр ак түстөгү сызыкчалар менен белгиленип, жолдун аркы тарабына өтүүгө ыңгайлуулукту жараткан.
 
18-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан