КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ала-Бука районунда өзүн өзү атып салган аскер кызматкеринин өлүмү боюнча Чек ара кызматына иликтөө жүргүзүүнү буюрду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Адам – өлкөбүздүн негизги байлыгы. Жаш жигиттин өз ыктыяры менен жанын кыйганы кылдаттык менен иликтениш керек. Анализдердин жыйынтыгына ылайык, кызматка туруктуу шарттарды түзө албаган жетекчилер аныкталса, алар кызматтан бошотулушат. Күнөөлүүлөр жазага тартылышат”,- деди премьер-министр. Ал болгон окуяда жооптуу командирдин түз күнөөсү бар экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-июнда Ала-Бука районунда чек ара бөлүмүнүн аскер кызматкери өз жанын кыйды. Ал медициналык мекемеге жеткенче көз жумду. Мөөнөттүү аскердик кызматка 2013-жылдын күзүндө чакырылган.