Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан мамлекеттик сыйлыктардын статусун жогорулатууга жана анын ыйгарылуу тартибин ыраатташтырууга багытталган "КРнын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин бүгүн, 17-июндагы жыйынында белгилүү болду.
Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, сыйлыктардын тизмегин кыскартуу максатында "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген сындуу тармактык наамдарды жоюп, баарынын башын бириктирген "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери" деген гана бир наамды белгилөө сунушталып жатат. Ал эми "КРнын Эл жазуучусу", "КРнын Эл акыны", "КРнын Эл артисти" деген наамдар калтырылды.
Андан сырткары жаңы долбоордо чет өлкөлүк юридикалык жактарды да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого мүмкүнчүлүк берилүүдө.
"Мурда мындай сыйлыктар чет өлкөлүк жеке жактарга гана ыйгарылып келген. Ошондой эле "Советтер Союзунун Баатыры" жана "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамдары "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын статусуна теңдештирилет",- деди Карамушкина.
Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.