Бүгүн, 17-июнда Алай районунда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондор менен вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жолугушту.
Жолугушууда Абдырахман Маматалиев жол тоскондордун талаптарын орундата албасын айтты. Бирок коюлган талаптарды өкмөт башчыга жеткире турганын билдирди. Муну Келдибековдун тарапташтарынын бири Жаркынбай Косонов билдирди.
“Бийлик өкүлдөрү биздин талаптарыбызды аткара албай турганын айтышты. Бирок эртең, 18-июнда биз тараптан 5 киши өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушууга барат. Жолугушууну Абдырахман Маматалиев уюштуруп берерин убада кылды”,- деди ал.
Ал эми талаптар аткарылбаса, Ош - Эркеч-Там унаа жолу ачылбай турганын кошумчалады.