Бишкекте Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых Кыргызия” китебине 100 жыл" аттуу көргөзмө болду

Бүгүн , 16-январда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук китепканасын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө кыргыздын туңгуч тарыхчысы Осмоналы Сыдык уулунун “Мухтасар тарых Кыргызия” китебине 100 жыл” аттуу көргөзмө ачылды. Аталган китепте кыргыз урууларынын түпкү аталарынан тартып, соңку уруу башчыларына чейин кеңири баяндалган. “Бул эмгекте ата-бабаларыбыз ким болгондугу, кайда жашагандыгы жана жоголуп бара жаткан салт-санааларыбыз тууралуу баяндалат. Тарыхтан сабак алып туура жол тандоону үйрөнө билүү керек.”,- дейт көргөзмөгө катышкан тарыхчы Кыяс Молдокасымов. Иш чарага бир катар коомдук ишмерлер, тарыхчылар, илимий кызматкерлер, жазуучулар жана студенттер катышышты. Көргөзмөгө Осмоналы Сыдык уулунун китептери, макалалары, ал жөнүндө жарыяланган материалдар коюлду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан