Бажы биримдигине кирбей коюу Кыргызстандын экономикалык абалынын начарлашына алып келет. Бул тууралуу 16-июнда басма сөз жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди.
“Бажы союзунун курамындагы өлкөлөр жана Кытай менен товар жүгүртүүнү жоготобуз. Аны менен бирге республиканын бюджетине келип түшүүлөрдүн толук болбой калышы мүмкүн. Эмгек мигранттарынын абалы начарлайт жана мигранттардан Кыргыз Республикасына акча которуунун көлөмү төмөндөйт. Ошондой эле КРнын аймагынан товар экспорттоо кыйындайт жана валюталардын келип түшүүсү азаят”,- дейт Сариев.
Министрдин айтымына караганда, биримдикке кирүүдө өлкөгө келүүчү инвестициялардын өсүшү күтүлөт.