Бүгүн, 17-июндан 18-июнга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында “А” тайпасында үй ээси менен Мексика курамасы кез келип, жеңүүчүнү аныктай алышкан жок. Беттеш курч мүнөздө өткөнү менен, күйөрмандар бул оюнда киргизилген гол көрүшкөн жок. Оюнда 2 команданын тең дарбазачылары мыкты оюн көргөзүштү. Өзгөчө мексикалыктардын дарбазачысы Гильермо Очоанын оюну аңыз кеп катары айтылып калбаса да, көпкө унутулгус болду.
Бул командалардын тең ойноосунан эң оболу Хорватия курама командасы утту. Эгер Хорватия бүгүн, 18-июнда Алжир курамасын утуп алса, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы артат. Натыйжада тайпадан чыгуу үчүн айыгышкан кармаш Мексика менен Хорватиянын ортосунда болот. Ал эми Бразилия карамагындагы 4 упай менен да тайпадан чыга алат.
“А” тайпасы. 2-тур.
БРАЗИЛИЯ – МЕКСИКА – 0:0