Таш-Көмүр шаарында оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 17-июнь күнү жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек – Ош унаа жолунун 428-чакырымында оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге - Таш-Көмүр шаарына куткаруучулар барышып, унаанын ичинен жабыркаган адамдарды чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан