Жоомарт Оторбаев Сербиянын экс-президенти Борис Тадич менен жолугушту

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 17-июнда Сербиянын экс-президенти Борис Тадич баштаган мадриддик клубдун делегациясы менен жолугушту. Анда өлкөнү санариптик телеберүүгө өткөрүү аракеттери талкууланганын өкмөттөн билдиришти. "Акыркы төрт жыл ичинде парламенттик башкаруу формасын тургузуу менен алектендик. Буга байланыштуу медиарыноктогу атаандаштыкты өнүктүрүүгө да кызыкдарбыз. Кыргызстанда бүгүн жарандардын ар кайсы булактардан маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок биз демократиялуу өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбаларын алышыбыз керек",- деди Оторбаев. 
Борис Тадич "ММК демократиянын принциптерин өнүктүрүүдө пайдалуу курал боло алат" деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан