Аламүдүн районунда 4 жашар бала сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 17-июнь күнү саат 15:37 чамасында Көк-Жар айылындагы Быстроток каналына 2010-жылы туулган Дастан Өскөнбаев чөгүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, саат 19:58де чөгүп кеткен баланын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.