Бүгүн, 16-январда, Бишкекте өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 30дай оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Алыс сапарга каттап иштеген бул айдоочулар салмагы 44 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларды Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салууну талап кылышууда. Айдоочу Бектур Кыдырмаевдин айтымында, кытайлык оор салмактагы жүк ташуучу унаалар өлкөдөгү жолдорду бузууда. “Алардын салмагы 80 тонна болгондуктан, бизге жумуш жок болуп калууда. Биздин КаМАЗдар анчалык көп салмактуу жүктү көтөрө албайт", - дейт айдоочу.