Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар курулуш боюнча башкармалыгынын, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын түштүктөгү бөлүмүнүн, Жалал-Абад облусу боюнча Мамлекеттик экспертиза департаментинин өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдарына жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын шаар курулуш боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнө “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, жогорудагы аталган кызмат адамдары КРнын шаар курулуш жана архитектура боюнча мыйзамынын талаптарын бузушуп, Жалал-Абад шаарындагы темир жолдун жанына эки кабаттуу соода борборун курууга уруксат беришкен. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.