Кечээ, 18-июнда түн ичинде Малайзиядагы Малакк булуңунда кеме чөгүп, 66 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кеменин бортунда 97 адам болгон. Алардын арасында аялдар жана жаш балдар да бар. Жүргүнчүлөр Малайзиянын аймагынан мыйзамсыз өтүп бара жатышкан Индонезиянын жарандары болушкан.
Акыркы маалыматтар боюнча, 31 адам гана куткарылган. Учурда 66 адам дайынсыз.