Салмак-тыш өлчөм көзөмөл башкармалыгынын жана Тоннель кызматынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

КРнын Транспорт прокуратурасы ИИМдин 5-башкармалыгы менен биргеликте Салмак-тыш өлчөм көзөмөл башкармалыгынын жана Тоннель кызматынын ишин текшерүүгө алган. Анын жүрүшүндө аталган башкармалык жеке ишкер менен оңдоп-кооздоо иштери үчүн келишим түзүшүп, ишкерге 623 миң сомдон ашык акча каражаты которулганы аныкталган. Бирок иш жүзүндө ушул убакка чейин оңдоп-кооздоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам мамлекет 200 миң сомдон ашык зыян тарткан. Учурда Салмак-тыш өлчөм көзөмөл башкармалыгынын жана Тоннель кызматынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан