Бишкек – Ош жолунун эки участогун оңдоого 60 миллион доллар насыя алынганы жатат

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Бишкек – Кара-Балта жолунун туурасы 15 метрге чейин кеңейтилип, тротуары менен кошо курула турганын билдирди. “Бишкек  Кара-Балта участогу биринчи, ал эми Маданият – Жалал-Абад участогу экинчи техникалык категориядагы жол болот. Жолду кеңейтүүгө жолтоо болгонунан улам бузулган объектилер сатылып алынмакчы”,- деди ал. 

ЕврАзЭШтин Кризиске каршы фонду Бишкек  Кара-Балта, Маданият – Жалал-Абад жолун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 60 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлөт.

Депутаттардын талкуусунан соң аталган мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан