“Ош электр” ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызматкери тургундун мурдагы карыздарын жоюп берүү үчүн 18 миң сом акча каражатын талап кылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Ош электр” ишканасынын кызматкери кызматтык бөлмөсүндө 17 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.