“Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева облустагы мекеме, ишканалардын жетекчилеринин 2012-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчётун угууда” деп билдирет өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы. 3 күнгө созулган отурумда Койсун Курманалиева айыл чарба, өнөр жай, энергетика, унаа жана байланыш, укук коргоо тармактарынан бардыгы болуп 40 жетекчини кабыл алып, жыл жыйынтыгы менен таанышты. Отчёт тапшырууда өткөн жылдагы демилгелүү иштери үчүн облустук юстиция башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Жайлообаевге жана облустук айлана-чөйрөнү коргоо мекемесинин жетекчиси Болот Кадырбековго ыраазычылык билдирилди. Учурда жетекчилердин отчётун кабыл алуу уланып жатканын билдиришти өкүлчүлүктөн.