Флорида штатында полиция кызматкерлери салмагы 200 килограмм болгон кишинин курсагындагы май катмарларынан 23 грамм баңгизат табышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары коопсуздук курун такпай унааны башкарып келе жаткан айдоочуну токтотушкан. Алгач алар ага айып пул төлөтүп эле коё берүүнү ойлошот. Бирок полиция кызматкерлеринин ити анын унаасы тарапты карап кечке үрө берет. Мындан улам шек санаган укук коргоочулар айдоочуну жана анын унаасын тинтүүгө алышат. Жыйынтыгында 38 жаштагы айдоочу Кейтиан Роберттин курсагындагы май катмарларынан баңгизат, унаадан байпакка катылган 7 миң доллар жана тапанча табылган. Учурда айдоочуга баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөндүгү үчүн кылмыш иши козголду. Анан, албетте, курду такпай унаа айдагандыгы үчүн айып пул төлөгөн.
Белгилей кетсек, буга чейин Оклахома штатында курсагындагы май катмарларына кийим катып чыгып бара жаткан уурулар кармалган.