Баткен районунда баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөн "криминалдык авторитет" кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 16-июнь күнү Кара-Бак айылында мурда соттолгон, 39 жаштагы А.К. аттуу жаран кармалган. Ал Баткен облусундагы "криминалдык авторитеттердин" бири болгон. Анын үйүн текшерүүгө алганда 3 килограммдан ашык баңгизат алынган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.