Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Дамира Ниязалиева: “12 жаштагы кыздардын боюнда болуп калууда. Алар кайра төрөбөйт”,- деп билдирди. Көпчүлүк бойго жеткен кыздар кош бойлуу болуп калып, аборт жасатып жатканын белгиледи.
“Кош бойлуу болуп калып, аборт жасаткан кыздар кайра төрөбөйт. Бул мыйзам долбоору жаштардын сексуалдык укугун жогорулатат. Азыр балдар интернеттен туура эмес сексуалдык маалымат алып жатышат”,- дейт Ниязалиева.