Ысык-Ата районунда кымбат баалуу унаанын айдоочусун сабап, унааны айдап качып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 15-июнь күнү саат 03:00 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Будёновка айылында белгисиз адамдар кымбат баалуу унаанын ээсин жана рулда отурган 1995-жылы туулган кызды сабап, андан соң унааны айдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкени айтылган. 2 сааттан кийин уурдалган унаа табылып, ичиндеги 3 жаран кармалган. Алар 1993-жылы туулган Ибрагим, 1989-жылы туулган Сулейман, 1989-жылы туулган Нурсултан экендиги аныкталган.
Алар Хаммер үлгүсүндөгү унааны Будёновка айылында "милиция кызматкерибиз" деп күбөлүктөрүн көрсөтүп токтотушкан. Андан соң унаанын ээсин жана 1995-жылкы кызды сабап, унааны айдап качып кетишкен.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.