Бүгүн, 18-июнда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обаманын атайын жардамчысы, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Евразия бөлүмүнүн директору Селест Уолландерди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан жана АКШнын ортосундагы кызматташуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле региондук коопсуздук маселелер боюнча сөз болду.
Селест Уолландер президентке Ооганстандагы коалициянын иш-аракетин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди жана жакында Кыргызстандагы ишин аяктаган "Манас" транзиттик ташуулар борборунун региондук коопсуздукка кошкон салымын белгилеп өттү.