"Ысык-Көлгө чөктү" деп изделип жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди.
Эске салсак, Каракол шаарында 2014-жылдын 15-июнь күнү саат 13:00 чамасында Ысык-Көлгө 1984-жылы туулган П.Сенафонтов чөгүп кеткен.
2014-жылдын 17-июнунда издөө иштерин №15-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары улантышып, саат 13:30да чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.