Дамира Ниязалиева Кыргызстанда оорулуу эркектердин саны өсүп жатканын айтты

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат. Жыйында демилгечи депутат Дамира Ниязалиева Кыргызстанда эркектердин арасында оорулуулар өсүп жатканын айтты. 

Караколго барып мугалимдер, окуучулар менен кезигиштик. Алар бул мыйзам кечигип жатканын айтышты. Сиздер жыныстык ден соолук дегенге каршы болуп жатасыздар. Бирок мектеп окуучулары кимге кайрыларын билишпейт экен. Боюнда болуп калган кыздар өздөрүнүн өмүрүн кыйып жатышса, айрымдары жашынып жүрүп төрөп, наристени ажатканага таштап жиберишүүдө. Биз бул мыйзам долбоорду сунуштап, курагына жараша балдарга адистер шарттуу түрдө маалымат берсин деп жатабыз. Эркек балдар өз укуктарын билишпейт”,- дейт Ниязалиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан