Американын Миннеаполис штатындагы "SoulsRUs" дүкөнүндө атактуулардын "жаны" банкаларга салынып, 15 доллардан сатылууда. Мындай маалыматты бүгүн, 18-июнда чет элдик маалымат каражаттары таркатышты.
Сатуучу Молли Гейтс аттуу айымдын айтымында, "жаны" күлгүн түстө, кебездей болот. Атактуулардын жанын алар уктап жатканда кармап алат. Бирок кантип кармаары тууралуу ачык айткан эмес.
Гейтс өткөн жылдын 18-декабрынан тарта мындай өзгөчө товарды сата баштаса да, эми гана ишмердигин ачыктап отурат. Анын дүкөнүнөн Райан Гослинг, Бейонсе, Опра Уинфри, Женнифер Лоуренс жана башкалардын "жаны" сатылган. Ар бир банканын сыртына атактуулардын аты-жөнүн жазып коёт.
Молли Гейтс "жанды уурдоо - ооруксунтууну жаратпаган операция" дейт.
Кызыгы, атактуулардын "жаны" өлкөдөн сыртка чыгарылбайт. Тагыраак айтканда, чет өлкөлүктөргө сатылбайт. Банкадагы "жанга" кызыккан журналисттердин бири ачып көрүп, андагы жөргөмүштүн жасалма желесин, анын баллондогу кадимки сыр менен боёлгонун көрүп таң калгандыгын айткан.