"Жаңы троллейбустар келгенде маршруттук каттамдардын саны кыскарат". Бул тууралуу 16-январда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов билдирди. “Алдын ала айтып коёюн, жаңы троллейбустар келери менен кээ бир маршруттук каттамдар кыскарат, айрымдарынын каттамы өзгөрөт. Айдоочулардан суранарым, түшүнүү менен кабыл алгыла. Шаарыбызда маршруттук таксилер көбөйүп кетти”,- деди мэр. Иса Өмүркулов бүгүн жүргүнчүлөрдү тейлөөчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.