"Бул маселе боюнча өкмөткө жергиликтүү калк жана ЖКнын депутаттары бир нече жолу кайрылышкан. Жумушчу топ кийинки аптадан баштап райондордун бийиктигин, жеткиликтүүлүгүн аныктоо үчүн аймактарга жөнөп кетиши керек эле. Маселе аягына чейин иликтенбегендиктен, көйгөй чечилбей турат",- деди Эльвира Сариева.
Отурумдун жүрүшүндө Транспорт жана коммуникация министрлигине кыска убакыттын ичинде аймактардын орун алышын аныктоо боюнча тапшырма берилди. Аныктаманын негизинде жарандарга жеңилдиктерди берүү маселеси жөнгө салынып, тургундарга тиешелүү укуктар берилет.